
Мэр шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринен коррупцияны токтотуу, мектеп, бала бакчалардын жетекчилери ата-энелерден балдарын окууга, бакчага киргизүүдө мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө, билим сапатын көтөрүү талабын койду. Муну менен бирге билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртуу боюнча мэрия тиешелүү иштерди алып барарын билдирди.