Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Ош шаары менен АКШнын ар кандай тармактардагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Айрыкча билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар демилгелерин колдоо жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жаатында пикир алмашышты.
Мэр Жеңишбек Токторбаев шаардагы социалдык-экономикалык абал тууралуу айтып, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Элчи Лесли Вигери жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.