ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Эко таксинин санын көбөйтүү аракети көрүлүүдө

🔹Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Джусин Чжикэ” компаниясынын жетекчиси Ма Хайфен менен жолукту.
🔹Жолугушууда Ош шаарында ачылып ишке кирген Эко муниципалдык такси кызматынын ишин жүргүзүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
🔹Шаар тургундарына экологиялык жактан таза, заманбап жана ыңгайлуу транспорттук кызмат көрсөтүү үчүн электро унаалардын санын көбөйтүү зарыл болуп турат. Жеңишбек Токторбаев бул маселени чечүү багытында аталган компанияга бир катар сунуштарын айтты.
🔹Эки тарап Ош шаарынын Эко такси кызматын өнүктүрүү үчүн жаңы унааларды сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул багытта зарыл болгон чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.
🔹Эскертке кетсек, Кыргызстандагы алгачкы муниципалдык такси кызматы Ош шаарында ишке кирген. Күнүнө 3000ден ашык буюртма түшсө, алардын 10% гана тейленүүдө. Бүгүнкү жолугушуу дал ушул көйгөйдү чечүүгө багытталган.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео