Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо үчүн материалдарды 2025-жылдын 15-декабрына чейин кабыл алат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №237 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар мораторий мезгилинде өзгөчө учурларда гана Президенттин демилгеси боюнча караларын маалымдайбыз.
“Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалын алуу үчүн даярдалуучу юридикалык мааниге ээ документтердин тизмеги:
1. Эне жашаган аймактык башкармалыктан же иштеген мекемеден толтурулган сыйлоо барагы (форма №2);
2. Эненин иштеген жеринен иштеп жаткандыгы боюнча маалымкат;
3. Эненин паспортунун көчүрмөсү;
4. Эненин нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
5. Балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
6. Ар бир балага “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жашап же иштеп жаткандыгы тууралуу же окуп жаткандыгын тастыктоочу маалымкат (справка с места жительства или с места работы или с места учебы), (бала бакчага барган балдарга бала бакчадан маалымкат талап кылынат);
7. Чет өлкөдө жашаган же иштеген балдарынын жашап же иштеп жаткандыгы тууралуу маалымкат (справка с места жительства или с места работы) жана жазык жоопкерчилигине тартылбагандыгы, соттуулугу жок экендиги жөнөндө маалымкат;
8. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу энеге үй-бүлөлүк курамы тууралуу жана жашап жаткандыгы тууралуу маалымкат (справка о составе семьи).
Эскертүү:
Эгер эненин балдары каза болгон учурда баланын каза болгондугу тууралуу күбөлүгүнүн жана тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү талап кылынат.
Эгер эненин же балдарынын аты-жөнү, атасынын аты өзгөргөндө, тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү талап кылынат.
Документтерди эң кичүү баласы бир жашка чыккандан кийин тапшыруу зарыл.
Туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн фактылар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында каралган чаралар колдонулушу мүмкүн.
Төмөнкүлөрдү эске алыңыз:
1. “Баатыр эне” орденине жети жана андан көп баласы бар энелер сунушталат.
2. “Эне даңкы” медалына алты баласы бар энелер сунушталат
Толук маалымат үчүн көп балалуу эненин катталган дареги боюнча Ош шаарынын мэриясынын аймактык башкармалыктарына кайрылууну сунуштайбыз.