Ош шаарынын күнүндө Мамлекеттик туу көтөрүлүп, парад өттү
5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленди. Ага Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда борбордук аянтка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү.
Эскерте кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен шаар күнүнө карата 45 метрлик желек сап алынып салынып, анын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулду.
Иш-чарада Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктады.
Ошондой эле борбордук аянтта Ош шаарынын жана Ош облусунун күч түзүмдөрүнүн парады болуп өттү.