ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо өткөрүлөт

✅КУЛАКТАНДЫРУУ!!!
Ош шаарында IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо өткөрүлөт
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Сиздерди муниципалдык жана айылдык аймактарда өтө турган Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча чогулуштарга активдүү катышууга чакырабыз!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарында өтө турган IV Элдик Курултайга Ош шаарынан делегаттарды шайлоону уюштуруу максатында Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 101 “Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын өткөрүү жөнүндө” токтому кабыл алынган.
Аталган токтом менен бекитилген графикке ылайык, чогулуштар төмөнкү даректерде өткөрүлөрүн маалымдайбыз.
1. Алымбек-Датка муниципалдык аймагы
17.10.2025-ж., саат 10:00, Х. Абдуллаев атындагы орто мектеби, жыйындар залы
2. Сулайман-Тоо муниципалдык аймагы
17.10.2025-ж., саат 10:00, № 9 Рудаки атындагы мектеп-гимназиясы, жыйындар залы
3. Керме-Тоо муниципалдык аймагы
17.10.2025-ж., саат 14:00, № 20 И. Раззаков атындагы мектеп-гимназиясы, жыйындар залы
4. Манас-Ата муниципалдык аймагы
17.10.2025-ж., саат 10:00, № 38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясы, жыйындар залы
5. Жибек-Жолу муниципалдык аймагы
17.10.2025-ж., саат 14:00, № 47 орто мектеби, жыйындар залы
6. Курманжан-Датка муниципалдык аймагы
20.10.2025-ж., саат 14:00, № 18 А. Навои атындагы мектеп-лицейи, жыйындар залы
7. Жапалак айылдык аймагы
20.10.2025-ж., саат 10:00, Керме-Тоо айылы, “Жапалак” маданият үйү
8. Кызыл-Кыштак айылдык аймагы
20.10.2025-ж., саат 14:00, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгы, жыйындар залы
9. Төлөйкөн айылдык аймагы
20.10.2025-ж., саат 10:00, А.С. Пушкин атындагы мектеп-гимназиясы, жыйындар залы
Кошумча маалымат үчүн Ош шаарынын мэриясына (03222) 5 58 45, 5 50 40 байланыш телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео