ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жол кыймылын иреттөө боюнча иштер улантылууда

Ош шаарында жол кыймылын иретке келтирүү жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бир катар иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. А.Масалиев кең көчөсү менен А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылынын өтүшү бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып, бир нече жолу жол-транспорттук кырсыктар катталып келет. Жол кыймылын жөнгө салуу жана кырсыктардын алдын алуу максатында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтарга тапшырма берип, аталган кесилишке айланма жол куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тапшырган. Мэрдин тапшырмасынын негизинде, эки көчөнүн кесилишинде айланма жол куруу боюнча эскиз долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты. Долбоор ишке ашырылса, аталган тилкедеги кыймыл иретке келип, шаардыктар жана айдоочулар үчүн бир кыйла коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео