Шаардагы Раззаков көчөсү Масалиев кең көчөсүнөн темир жол өтмөкө чейин толук асфальтталып, бүгүн пайдаланууга берилди. Жалпы жалпы жолдун жана тротуардын узундугу 3 чакырымга жакын, жолдун кеңдиги 28 метр.
Жолду пайдаланууга берүү иш-чарасына шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаар тургундары катышып, пайдаланууга берилген жолду жашоочулар менен бирге көрүп чыгышты.
