ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жаңыланган имарат – кызматкерлердин кубанычы

🔹Ош шаарындагы райондор аралык көз оорулары боюнча медико-социалдык эксперттик комиссиясынын имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

🔹Бүгүн жаңыланган имараттын ачылыш аземи өтүп, ага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышты.

🔹Буга чейин мэр аталган мекеменин абалын көрүп чыгып, көйгөйлөрү менен таанышкан. Ишкананын жамааты калаа башчысына эскилиги жеткен имаратты оңдоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынан кийин оңдоп-түзөө иштери башталып, имарат заманбап абалга келтирилди.

🔹Белгилей кетсек, бул мекеме Ош шаарынын жана Алай районунун тургундарын тейлеп, жалпы оорулар боюнча майыптуулук категориясын аныктоо кызматын көрсөтөт.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео