🔹Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарындагы Ы. Монуев көчөсүндөгү эки деңгээлдүү өтмөктүн жана көчөнүн аты ыйгарылган кыргыз элинин биринчи генерал-лейтенанты Ысакбек Монуевдин эстелигинин ачылышы болду.
🔹Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаар жашоочулары катышты.
🔹Жалпы узундугу 640, кеңдиги 22 метрди түзгөн транспорттук түйүн толук асфальтталып, жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөк курулду. Ошондой эле көчөнүн боюнда Ы. Монуевдин эстелиги орнотулуп, айланасы жашылдандырылып, отургучтар коюлду.
