ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош жана Каракол шаарларынын мэриялары тажрыйба алмашууда

Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарынын мэриясына Каракол шаарынын мэриясынан делегация келди. 3 күн ичинде эки шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тажрыйба иш-чаралары өткөрүлөт.

🔹Алгачкы күнү мэрдин орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасы, мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тааныштырылды.

🔹Жыйында Ош шаарынын 9 ай ичинде аткарылган иштери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле калаанын стратегиялык пландары жана жергиликтүү бюджеттин кошумча киреше булактарын түзүү багытындагы иштер, мамлекеттик-жеке жана эл аралык өнөктөштүктүн негизинде ишке ашып жаткан долбоорлор, туризм чөйрөсүндөгү жетишкендиктер тууралуу айтылды.

🔹Алдыда мэриянын муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, социалдык жана маданий обьекттерге барышат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео