ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Бишкек жана Ош тажрыйбалары менен бөлүшөт

Бишкек жана Ош тажрыйбалары менен бөлүшөт: Кантип шаарларды жашоого ыңгайлуу кылуу керек

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэриясынын делегациясы менен жумушчу жолугушуу өттү.

Ага Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Илияс Колопов, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Масуда Айдарбекова жана эки тараптан шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Иш сапар “АРАКЕТ – Кыргызстандагы конуштарда жашоону жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен уюштурулуп, шаарды өнүктүрүүнү башкаруу боюнча практикалык тажрыйба алмашууга багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки шаарга тең актуалдуу болгон негизги багыттарды: турак жай-коммуналдык чарбаны жакшыртуу жана өнүктүрүү, шаардык кызматтарды санариптештирүү, муниципалдык менчикти эффективдүү башкаруу, инфраструктураны модернизациялоо, экологиялык чечимдерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Учурда Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү борбор калаанын алдыңкы уюмдарынын иши менен таанышууда, анын ичинде:
– “Бишкекжылуулукэнерго”
– Бишкексууканал
– Тазалык
– Муниципалдык инспекция
– Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти
– Санарип технологиялар борбору
жана мэриянын башка бөлүмдөрү.

Тараптар диалогду улантууга жана кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин ырасташты. Алар мындай демилгелер адистердин кесиптик өнүгүшүнө гана эмес, шаардык чөйрөнүн сапатынын туруктуу өсүшүнө жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулашына да өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео