ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бүгүн, 27-октябрда Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын оңдоо-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана мекеменин жамааты катышты.

Бул имарат курулгандан бери капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес. Жыл башында Жеңишбек Токторбаев ишкананын абалы менен таанышып, быйылкы жылы оңдоп, кызматкерлерге шарт түзүүнү тапшырган.

Ага ылайык ишкананын 3 кабаттан турган имаратынын фасады, бөлмөлөрү толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 1 500 метр квадрат болгон аянты асфальтталды. Ошондой эле таза суу насостору жаңыланып, аймагы көрктөндүрүлдү.

Белгилей кетсек, аталган мекемеде 360 кызматкер эмгектенет. Автобус, троллейбустардын жалпы саны 181. Бүгүнкү күндө ишкана 2 троллейбустук жана 9 автобустук каттамдарды тейлейт.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео