ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын башкы жана улук топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыяланат

1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу.

Кесиптик билиминин деңгээли:
– жогорку билим;
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама);
-“Кыргызтест” системасы боюнча кызматтык жана функцияларды милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө орто деңгээлден (В1) төмөн эмес сертификатка ээ болуу.

Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
– кызматтык милдеттерин милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) билүү.

2. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу.

Кесиптик билиминин деңгээли:
-жогорку билим;
-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама);
-“Кыргызтест” системасы боюнча кызматтык жана функцияларды милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө орто деңгээлден (В1) төмөн эмес сертификатка ээ болуу.

Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
– кызматтык милдеттерин милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) билүү.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:

1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен);
2. Резюме (бекитилген формага ылайык жана электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин, көрсөтүү менен)
3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
4. Сүрөт 4х6;
5. Паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
6. Аскердик билетинин көчүрмөсү;
7. Өмүр баян (өз колу менен жазылган);
8. Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
9. Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтери.

Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2025-жылдын 28-ноябры саат 18:00 гө чейин Ош шаарынын мэриясынын адам ресурстарын башкаруу секторуна (210-кабинет) тапшыруу зарыл.

• Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жашап жаткандыгы тууралуу тастыктоочу маалымкат (справка с места жительства) талап кылыныт.
• Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн талапкерлердин документтери бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана электрон дареги так көрсөтүлүшү керек.

Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79, 5-54-59.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео