Кулактандыруу!
Урматтуу “Асыл тукум мал баккан фермерлердин, үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба кооперативдердин” башчылары Ош шаарынын мэриясына караштуу мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлеринин ижара келишим мөөнөтү бүткөн жерлерди түз ижарага берүү сунушталат.
Жерди ижарага алууга катышуу шарттары:
1. Арыздар, талаптарда көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирге тапшырылат. Арыздар 2025-жылдын 01-декабрь күнү саат 17:30го чейин кабыл алынат. Арыздарды кабыл алуу адреси: Ош шаары, Э.Алиев кочөсү №153, 2-этаж “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасы. Арыздарды кабыл алып комиссиянын отурумунда кароо 2025-жылдын 4-5- декабрь күндөрү каралат.
Мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлерди үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине ижарага берүү боюнча Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин 2025-жылдын 25-февралындагы №04-13/59 буйругу менен бекитилген тартиптте көрсөтүлгөн талаптар:
I. Айыл чарба кооперативдерине карата талаптар:
– юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоонун болушу;
– кооперативдин үзгүлтүксүз айыл чарба ишинин мөөнөтү үч жылдан кем болбошу керек;
– иш кагаздарын жана бухгалтердик эсепти жүргүзүү;
– айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
– зарыл кадрдык камсыздоонун болушу;
– кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда бекитилген жерди пайдалануу жана ТЭН боюнча узак жана кыска мөөнөттүү пландар. Маркетингди жүргүзүү максатында мүчөлөргө өндүрүлгөн продукциянын көлөмү жана жерди пайдалануу боюнча пландар тууралуу маалымат.
II. Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына карата талаптар:
– жеке жактын ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
– берилген жерлерге тиешелүү графикти тиркөө менен болжолдонгон салымдардын суммасын белгилеген, ошондой эле азык түлүк коопсуздугунун 3 жана андан ашык продуктуларына салымдардын жана багыттардын графиги менен айыл чарба ишин ишке ашыруу боюнча инвестициялык долбоор;
– берилген жерлерге которуштуруп айдоонун планы;
– берилген жерлерге айыл чарба ишин ишке ашыруунун жаңы технологияларын (тамчылатып сугаруу, айыл чарба ишин жүргүзүүнү маханизациялоо ж.б.) пайдалануу жөнүндө маалымат;
– пайдаланылып жаткан жер участоктору бар болгон учурда маалымат (кадастрдык маалымат, укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтер);
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик статистика органдарынан, салык кызматынан жана социалдык фонддон карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкат жана акыркы үч жылдагы үзгүлтүксүз иш-аракеттер жөнундө маалымат;
– айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык-техникалык база жөнүндө маалымат;
– айыл чарба кооперативдерин кошпогондо, үрөн же асыл тукум чарбасынын тиешелүү статусунун болушу;
– керектүү кадрдык камсыздоо жөнүндө маалымат.
– азык-түлүк коопсуздугунун продуктуларынын бирин ишке ашыруу боюнча маалымат.
Асыл тукум чарбалары үчүн төмөнкү кошумча маалыматтар берилет:
– асыл тукумду каттоо жөнүндө маалымат.
– жугуштуу жана курч жугуштуу оорулар боюнча чарбанын бакыбаттуулугу жөнүндө ветеринардык маалымкат.
Үрөн чарбалары үчүн төмөнкү кошумча маалыматтар берилет:
– жакынкы үч жылга ар бир айыл чарба өсүмдүгү боюнча үрөн өндүрүүнүн жана сатуунун көлөмүн, үрөн саттуунун болжолдуу булактарын эсептөө менен айдоо аянттарынын иш жүзүндөгү түзүмү жөнүндө маалымат.
Кошумча суроолор боюнча:
Олжобаев Уланбек тел: 0552 32-08-72
Абдарахманов К.У. тел: 0770 77 -77-64
Катчы: Жумаева Акбермет тел: 0555 69-40-04
