ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Көкүм бийдин эстелиги тургузулду

Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүндө курулган Көкүм бийдин эстелиги жана эс алуу жайынын ачылышы болду. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүүлөр катышты.
🔹Жалпы бийиктиги 6 метр болгон эстелик орнотулуп, айланасында отургучтар коюлуп, брусчатка басылды. Ошондой эле жанындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жолдору асфальтталып, балдар аянтчасы курулду. Жасалган иштер шаар бюджетинен каржыланды.
🔹Быйыл Көкүм-Бий көчөсү толугу менен реконструкцияланып, кеңейтилди. Бул көчө Ош шаары менен Араван районун бириктирген маанилүү көчөлөрдүн бири.
🔹Тарыхта орду чоң инсанды даңазалаган аракети үчүн мэр Жеңишбек Токторбаевге шаардык кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео