ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Кең-Сайга таза суу чыкты

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана массивдин тургундары ичүүчү сууну берүү саамалыгына чогулушту.
🔹Ош шаарынын Кең-Сай конушунун тургундарын таза суу менен туруктуу камсыз кылуу максатында ири масштабдагы инфраструктуралык долбоор ишке ашырылды. Анын алкагында насос станциялары курулуп, суу түтүктөрү тартылып жана жаңы суу кампасы салынды.
🔹Ак-Тилек айланма жолунун аймагында саатына 300 м³ суу берүүчү заманбап 1-насос станциясы курулду. Ош-Ноокат жолунун 6-чакырымында 2-насос станциясы курулуп, ал да саатына 300 м³ көлөмдө суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эки насос станциясы автоматташтырылып, “акылдуу насос” системасы аркылуу иштейт.
🔹Кең-Сай массивине таза суу жеткирүү үчүн жалпы узундугу 7,1 метр болгон полиэтилен суу түтүктөрү тартылды. Ош-Ноокат жолунун 6-чакырымында көлөмү 600 м³ болгон жаңы суу кампасы курулду. Бул суу кампасы (резервуар) Кең-Сай массивин туруктуу жана жетиштүү көлөмдө таза суу менен камсыздоого багытталган.
🔹Кең-Сайга таза суу берүү иштери 15 жыл мурун башталып, бирок ишке ашпай токтоп калган. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен 6 ай ичинде конуштун таза суу маселеси чечилди.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео