ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Фрунзе мектебинин аймагындагы курулуштар алынып, айланасы тосулду

🔹Ош шаарындагы №24 Фрунзе атындагы мектептин аймагындагы курулуштар алынгандан кийин тегерегин тосуу иштери жүргүзүлдү. Мектептин кире беришине дарбаза орнотулуп, имараттын айланасы асфальтталып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулду.
🔹Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мугалимдердин жана ата-энелердин катышуусунда мектеп имаратынын айланасын тосуу долбоорун толук аяктап, пайдаланууга тапшырды.
🔹Бул долбоорду ишке ашыруу менен окуучулардын коопсуздугу камсыздалып, билим берүү мекемесинин инфраструктурасы заманбап талаптарга ылайык келтирилип, аймагы мурунку абалына кайтарылды.
🔹Белгилей кетсек, буга чейин Фрунзе мектебинин аймагын соода түйүндөрү, унаа жуучу жай, ашкана жана соода күркөлөрү мыйзамсыз ээлеп алган.

default

default
default
default

default

Окшош жаңылыктар

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

Видео