ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅Таңкы рейд: Макаренко мектебинин айланасы мыйзамсыз курулуштардан бошотулат

🔹Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддин алкагында №6 Макаренко атындагы жалпы билим берүү мекемесине барды. Калаа башчы мектепте окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, имараттын учурдагы абалын көрдү.
🔹Мындан тышкары, мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды да кыдырып көрдү. Белгилүү болгондой, 2008 жана 2012-жылдары билим уясына тиешелүү бир катар жер тилкелери менчиктештирилип кеткен. Учурда ал аймактарда банк, соода жайлары, ашкана сыяктуу коммерциялык объектилер ишмердүүлүк жүргүзүп келет.
🔹Жеңишбек Токторбаев жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объектилердин жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча иштерди улантуу тапшырмасын тиешелүү жетекчилерге берди.
🔹Ошондой эле ал келерки жылдын январь айында мектептеги парта жана отургучтар толугу менен алмаштырылып, ал эми жайкы үч айлык каникул учурунда имарат толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн билдирди мэр.
🔹Белгилей кетсек, мэр шаар аймагындагы мектептер менен бала бакчаларга тиешелүү, мурда жеке тараптарга өтүп кеткен жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча катуу талап коюп келет. Бүгүнкү күнгө чейин бир нече билим берүү мекемелеринин аймактары курулуштардан бошотулуп, келерки жылы бул багыттагы иштер дагы да күчөтүлмөкчү.
______________________________

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео