ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Ош шаарында жол оңдоо иштери уланып, дагы бир көчө колдонууга берилди.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаадагы Ж.Шамшиев көчөсүндөгү көпүрөнү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.
🔹 Көпүрөнүн узуну 9 метр, кеңдиги 21 метрди түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар , жашыл аймак каралып, суу түтүктөрү тартылып, ирригациялык лотоктор орнотулду. Буга чейин Ж.Шамшиев көчөсү да толук оңдолуп, пайдаланууга берилген. Анда жолдун жалпы узундугу 600 метр жана 4 тилкелүү болуп, жол 22 метрге кеңейтилген.
🔹Аталган көпүрө аркылуу Ош облусттук ооруканасы жана шаардын кире бериш аймагына чыгып, кирүүгө болот. Андыктан унаа кыймылы күч.Бирок бир да жолу жол оңдоо иштери жүргөн эмес. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда жолду кеңейтүү жана асфальттоо тапшырмасын берген. Анын алкагында тоскоолдук жараткан бир нече курулуштар алынган. Натыйжада шаар тургундарына ыңгайлуу заманбап жол курулду.
🔹Ж. Шамшиев көчөсүндөгү бардык оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

default

default

default
default

Окшош жаңылыктар

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

Видео