ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Ош шаарында Т.Кулмаматов (47-көчө) көчөсү капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Достук кичи районунда жайгашкан Т.Кулмаматов (47-көчө) көчөсүн капиталдык оңдоодон кийин расмий түрдө пайдаланууга берди. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
🔹Аны менен бирге аталган көчөдөгү ремонттон өткөн көпүрө дагы колдонууга берилди. Көпүрөнүн узундугу 9 метрди, кеңдиги 16 метрди түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынды. Ал эми жолдун жалпы узундугу 1200 метр жана 2 тилкелүү болуп, 16 метрге чейин кеңейтилди. Анда ирригациялык лотоктор орнотулуп, жарыктандыруу системалары ишке ашкан.
🔹Т.Кулмаматов (47-көчө) көчөсү Алымбек Датка жана Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыктарын бириктирип, унаа кыймылы көп жүргөн багыт болуп саналат. Буга чейин ал бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мэр Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда жолду кеңейтүү жана асфальттоо тапшырмасын берип, анын алкагында асфальт төшөлүп, тротуарлар да курулду. Натыйжада шаар тургундары заманбап жол жана коопсуз көпүрө менен камсыз болду.
🔹Т.Кулмаматов (47-көчө) көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

default

default

default

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео