🔹Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, сейил бакты жаңылоо иштери шаардын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталууда. Шаар башчысы реконструкциялоо боюнча даярдалган эскиз долбоор менен таанышып, курулушка даярдык иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты.
🔹Текшерүү иштеринин алкагында мэр сейил бактын учурдагы абалы менен да таанышып, аймакты иретке келтирүү, айрым эски курулуштарды алып салуу жана инфраструктураны жаңылоо боюнча тиешелүү мекемелерге бир катар тапшырмаларды берди.
🔹Белгилей кетсек, эски борбордук базар толугу менен жаңы муниципалдык базарга көчүрүлгөндөн кийин, анын ордуна Ак-Буура дарыясынын боюн бойлой заманбап сейил бак куруу чечими кабыл алынган. Жаңы долбоор шаардын экологиялык абалын жакшыртууга жана эс алуу мейкиндиктерин кеңейтүүгө багытталат.
















