ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ “Асан-Үсөн” бала бакчасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча курулган 100 орундуу имаратынын ачылыш аземи болду. Саамалыкка мэр Жеңишбек Токторбаев, Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты.
🔹 Калаа башчысы бакчанын ачылышында шаар тургундарына:
“2025 жылы Ош шаарына республикалык бюджеттен мектептер жана бала бакчалар үчүн жалпы 1 млрд 300 млн сом бөлүнүп берилген. Бул урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин Ош шаарына болгон сый-урматы жана камкордугу”, — деп белгилеп өттү.
🔹 Бул бала бакчанын имаратынын эскилиги жетип, оор шартта иштеп келген. Мэрдин тапшырмасына ылайык “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча 100 орундуу жаңы, заманбап имарат курулду. Ошондой эле эски имараты да толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, терезелери жаңыланып, фасады оңдолуп, балдар ойноочу аянтчалар, беседкалар жана отургучтар орнотулду.

default
default

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео