ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Ош шаарынын мэриясынын агартуу залынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тийиштүү жетекчилер менен биргеликте Ош шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агартуу залы жайгашкан имаратын кыдырып көрүп чыкты.
🔹Учурда имараттын эскилиги жетип, дубалдарынын айрым жерлери көчө баштаган. Жер төлөө бөлүгү пайдаланууга жараксыз болуп, таштанды топтолгон абалга келген. Мындан тышкары, коммуналдык кызматтарга тиешелүү түтүктөрдүн бардыгы эскирип, иштен чыккандыгы белгилүү болду.
🔹 Маалым болгондой, имарат 1971-жылы курулуп, дээрлик 60 жылга жакын убакыттан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.
🔹Анын негизинде шаар мэри тиешелүү кызматтарга аталган имаратты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн кыска мөөнөттө долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча тапшырма берди.
🔹Эскерте кетсек, аталган имарат Мамлекеттик мүлк фондунан Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына толугу менен өткөрүлгөн.
🔹Белгилей өтскөк, шаар башчысынын демилгеси менен Ош шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты да этап-этабы менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

default

default

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео