ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Рейддин жүрүшүндө берилген тапшырмалар аткарылып, мыйзамсыз курулуштар аныкталууда

🔹Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Шакиров көчөсүндө мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
🔹Рейддин алкагында аталган көчөдө жайгашкан ресторандар жана коммерциялык объектилер тарабынан жол тарапка мыйзамсыз чыгып кеткен бөлүктөрү такталып, тиешелүү өлчөө иштери жүргүзүлдү. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча объект ээлерине эскертүүлөр берилди.
🔹Аталган иш-чаралар шаардын архитектуралык көрүнүшүн сактоо, жол кыймылын камсыз кылуу, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатуу жана мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео