ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Таңкы рейд: Масалиев көчөсүндөгү Жекелик каналдын эки жээги скверге айландырылат

🗓️ Ош шаары, 2-февраль, саат 08:00
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка аймактык башкармалыгына караштуу А. Масалиев көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү.
🔹Рейддин жүрүшүндө шаар мэри Масалиев көчөсүнүн Нурматов көчөсү менен кесилишинен тартып Шамшиев көчөсүнө чейинки аралыкта жайгашкан Жекелик каналынын эки жээгин көрктөндүрүп, сквер куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тиешелүү кызматтарга тапшырды.
🔹Мындан тышкары, каналдын үстүнө жана корук аймагына мыйзамсыз курулуп алган коммерциялык багыттагы бир катар объекттерди белгиленген тартипте алып салуу, аймакты шаардык архитектуралык жана экологиялык талаптарга ылайык иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.
🔹Аталган иштер шаарды көрктөндүрүү, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

default

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео