ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Мэрдин эл менен кезектеги жолугушуусу “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында өттү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин шаар тургундары менен кезектеги жолугушуусу “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында уланды. Жолугушууга 400дөн ашуун тургун катышып, 2025-жылы аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат алышты.
🔹 Маалыматка ылайык, аталган муниципалдык аймактык башкармалыкта 1 млрд сомго жакын каражат өздөштүрүлүп, Касымбеков жана Разаков негизги көчөлөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар үчүн тротуарлар курулуп, бир катар социалдык объекттер реконструкцияланган.
🔹 Ошондой эле быйыл “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Ош көчөсү Раимбеков көчөсүнөн Манас айланмасына чейин кеңейтилип, төрт тилкелүү жол болуп, шаардагы эң приоритеттүү жол долбоорлорунун бири болуп саналат.
🔹 Жыйында мектеп, бала бакча, жол, тротуар, канализация жана жашылдандыруу маселелери көтөрүлүп, айрым көйгөйлөр жеринде чечилип, бир катар тапшырмалар берилди.
🔹Шаар башчысы 2025-жылы толук бүткөрүлбөй калган курулуш объектилерин жана жолдорду 2026-жылы толук бүтүрүү пландалып жатканын билдирди.

Окшош жаңылыктар

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

Видео