ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат

🗓️ Ош шаары, 9-февраль
🔹 Ош шаарынын мэриясы менен Кытай Эл Республикасынын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын ортосунда концессиялык келишимге кол коюлду. Келишимге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана аталган компаниянын жетекчиси Дай Даого кол коюшту.
🔹 Келишимдин алкагында тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат. Аталган завод жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
🔹 Белгилей кетсек, завод экологиялык талаптарга толук жооп берип, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.
🔹 Долбоордун алкагында жакынкы күндөрү мезгил кутусу салынып, заводду 2027-жылдын аягында ишке берүү пландалууда.

Окшош жаңылыктар

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

Видео