ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жаздын бир күнү бир жылга тете! Ж.Акаев: “Шаарыбызды жашылдандыруу биздин башкы багытыбыз”.

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын иши менен таанышты. Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү мэрдин негизги приоритеттүү пландарынын бири экендигин айтып, быйыл шаарды көрктөндүрүү аракеттерине өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
🔹 Калаа башчысы Ош шаарына жаз эрте келгенине байланыштуу көчөт отургузуу жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерин өз убагында баштоо маанилүү экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу тиешелүү кызматтарга күн-түн дебей иш алып баруу зарылдыгын эскертти. Ошондой эле Алымбек датка көчөсү менен Навои көчөсү кесилишинен Ош шаардык автобекети тарапка чейин кыска мөөнөттө көчөт отургузуу тапшырмасын берди.
🔹 Ошондой эле шаар мэри жакынкы убакытта кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу маселеси чечилерин билдирди. Мындан тышкары, шаарды биргеликте көрктөндүрүү максатында мекеме-ишканаларды, көп кабаттуу үйлөрдүн куруучуларын жана жалпы шаар тургундарын жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга чакырды. Бул багытта коомчулукту шыктандыруу жана биргелешкен аракеттерди күчөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү керектигин айтты.
🔹 Андан соң Ош шаарынын мэри аталган ишкананын күнөскана комплексине барып, ал жердеги жагдайды жеринен көрдү. Жашылдандыруу чарба комбинатын келечекте киреше алып келе турган ишканага айландыруу үчүн гүлдөрдү жана көчөттөрдү сырттан сатып алууга каражат коротпостон, жергиликтүү күнөсканаларда өстүрүү иштерин күчөтүү демилгесин көтөрдү. Бул ыкма каражатты үнөмдөөгө жана шаардык чарбаны өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.
🔹 Маалыматка ылайык, быйыл Ош шаарына 20 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео