ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: Баатырлар эскерилди

📆12-май, Ош шаары

🔹Бүгүн терроризмге каршы күрөштө кызматтык милдетин аткарууда каза болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин элесине арналган эскерүү митинги өттү.

🔹 Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, аскердик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, шаар тургундары, маркумдардын туугандары жана мектеп окуучулары да эскерүү иш-чарасына күбө болушту.
Эскерүү митингдин жүрүшүндө кызматтык милдетин аткарууда курман болгон кызматкерлердин элесине таазим көрсөтүлүп, мемориалга гүл коюу аземи өткөрүлдү. Ошондой эле маркумдардын арбагына багышталып куран окулуп, дуба кылынды.

🔹Эскерүү иш-чарасынын негизги максаты — Мекенибиздин коопсуздугу жана элдин тынчтыгы үчүн өз өмүрүн арнаган кызматкерлердин эрдигин даңазалоо, алардын жаркын элесин түбөлүк сактоо жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, мындай иш-чара Ош шаарында быйыл экинчи ирет өткөрүлүп жатат.
🔹Соңунда шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган күч түзүмдөрүнүн ардагерлери жана учурдагы кызматкерлеринин командалары арасында өткөн волейбол жана футбол боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрүнө ардак грамоталар, медалдар, кубоктор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео