Ош шаарындагы Т. Кулатов кичи районунун № 20, 21 көп кабаттуу үйлөрүнүн алдында курулган балдар аянтчасы пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Эске салсак, буга чейин мэр аталган аймактын жашоочулары менен жолугушуп, алардын өтүнүчтөрүн угуп, короону жаңылоо жана балдар үчүн жаңы оюн аянтчасын куруу убадасын берген.
Берилген тапшырмалардын негизинде иштер аткарылып, эми балдардын коопсуз ойноосу жана тургундардын эс алуусу үчүн бардык шарттар бар.

