ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош менен Франциянын ортосунда жаңы көпүрө: эки тараптуу кызматташтык кеңейүүдө

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында мэриянын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү.
Жолугушууда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев француз делегациясын жылуу тосуп алып, Ош шаарына болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушуп, билим берүү демилгелерин ишке ашыруу, тарыхый-маданий мурастарын изилдөө, анын ичинде археологиялык долбоорлорду жүргүзүү багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Ошондой эле шаарга инвестиция тартуу жана Ош шаары менен Франциядагы аталышы окшош шаардын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү сунушу айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара кызыкчылыкка негизделген кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашылды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

375.970

Ош: Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда

867616126_1463665229285703_6133499748336258456_n

Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

866281233_1098994409680445_8445177470480105108_n

Ош шаарында 400 орундуу оорукана жана жаңы онкоборбор курулат

859784789_1461725369479689_3829608952811141225_n

700 катышуучунун катышуусунда массалык чуркоо өттү

26f2e464-d518-4085-be4d-a3630a554901

Т. Кулатов кичи районунда жаңыланган короо аймагы пайдаланууга берилди

Видео