Бүгүн Ош шаарында тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата бир катар эскерүү иш-чаралары өттү.
Шаардагы бардык эстеликтерге гүл коюлуп, ата-бабалардын жаркын элесине таазим кылынды.
“Өчпөс от” мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мирлан Орозбаев жана шаар тургундары катышты.
Ошондой эле мэрдин башка орун басарлары шаардагы бир катар эстеликтерге гүл коюшту.
Белгилей кетсек, тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 2017-жылы негизделип, ошондон бери ар жылы 7-8-ноябрда белгиленип келет. Бул күнү ата-бабалардын элеси эскерилип, улуттук мурас ардакталат.

