Бүгүн 7-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Керме-Тоо айылынын Ишкаван участкасында массалык бак отургузуу акциясы өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 6 гектар аянтка жалпы 4 миң түп көчөт отургузулду. Анын ичинен 2 миңи павловния, 1 миңи чынар жана 1 миңи карагач.
Экологиялык демилгени Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев көтөрүп, саамалыкка Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова, мэрдин орун басарлары, ошондой эле шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.
Бул долбоор калктуу конуштун экологиялык туруктуулугун жогорулатууга, абанын сапатын жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн жагымдуу, жашыл чөйрөнү түзүүгө багытталган.
Иш-чаранын соңунда шаар башчысы Жанарбек Акаев бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мындай демилгелер шаардын экологиялык абалын жакшыртууда, жаратылышты сактоодо жана келечек муундарга жашыл мурас калтырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле шаарды жашылдандыруу иштери мындан ары да улантыларын билдирди.
