Ош шаарындагы маанилүү жол тилкелеринин биринде, тагырагы “Достук” айлампасында эки деңгээлдүү транспорттук түйүн жана жөө жүрүүчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөк куруу иштери кызуу жүрүп жатат.
Долбоордун негизги максаты — шаардын борбордук көчөлөрүндөгү транспорттук жүктөмдү азайтуу жана жол кыймылын жакшыртуу.
Жаңы транспорттук түйүн аркылуу башка шаарлардан келген транзиттик унаалар шаардын борборуна кирбестен, айланма жол аркылуу өтө алышат.
