Ош шаарынын мэриясы кызыкдар тараптарды “Ош шаары, Мамыров көчөсү, № 3 дареги боюнча инклюзивдүү билим берүү уюмун куруу жана башкаруу” аталышындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун конкурсуна катышууга чакырат.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Ош шаарында 80 тарбиялануучуга ылайыкталган мектепке чейинки билим берүү уюмун (балдар бакчасын) курууну жана андан ары башкарууну карайт.
Долбоордо инклюзивдүү мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинде майыптыгы бар балдарга, анын ичинде балдардын церебралдык шал оорусу (ДЦП) жана кыймыл-аракет системасынын башка бузулуулары бар балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга (ДМЧ), ошондой эле өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарга ылайыктуу шарттарды түзүү каралган.
Долбоордун максаты – мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу аркылуу Ош шаарында заманбап, коопсуз жана жеткиликтүү мектепке чейинки билим берүү уюмун түзүү. Бул механизм социалдык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жеке инвестицияларды тартууга, мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.
Долбоордун демилгечиси – Ош шаарынын мэриясы.
Аталган МЖӨ долбоору боюнча квалификацияга жана сунуштарга бирдиктүү суроо-талап менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: “Бирдиктүү суроо-талап”.
Конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү ушул чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
Конкурсту өткөрүү жана долбоорду ишке ашыруу боюнча суроолор менен кызыкдар тараптар төмөнкү байланыш номерлерине кайрыла алышат:
- МЖӨ борбору: 0 312 300 176;
- Ош шаарынын мэриясы: 0 3222 5-51-51, 0 3222 5-55-51.
