Кулактандыруу! Аукцион!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Ош шаарындагы эски аялдамаларды бузуп, алардын ордуна заманбап талаптарга жооп берген, жеңил типтеги конструкциядан жасалган, тейлөөчү жайы менен акылдуу аялдамаларды куруу боюнча аукцион жарыялайт.
Аукционго төмөнкү жер тилкеси коюлат:
• 1-лот. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Көкүм-Бий көчөсүндө, «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгынын имаратынын маңдайында жайгашкан жер тилкеси. Аялдаманын тейлөөчү жайы менен жалпы аянты – 45,0 чарчы метр (анын ичинен тейлөөчү жайы – 13,5 чарчы метр). Аукциондун старттык баасы – айына 3 158 сом. Жер тилкеси тейлөөчү жайы менен акылдуу аялдама куруу үчүн пайдаланууга берилет.
Кошумча талаптар:
• Аялдамаларды куруу демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
• Демөөрчүлөрдүн эсебинен курулган аялдамалар Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү токтомунун негизинде муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлөт.
• Муниципалдык менчиктин балансына алынган аялдамалар атайын комиссиянын чечимине ылайык ижара шартында берилет.
Аукционго катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
Аукционго катышууну каалаган жарандар жана юридикалык жактар төмөнкү дарекке кайрылышат:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, 2-кабат, 5-бөлмө.
Жеке жактар үчүн:
• Паспорттун көчүрмөсү.
Юридикалык жактар үчүн:
• Нотариалдык жактан же каттоо жүргүзүүчү орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
• Уюмдун өкүлүнө аукционго катышуу үчүн белгиленген формадагы ишеним кат;
• Өкүлдүн паспорту.
Мындан тышкары:
• Аукциондун старттык баасынын 10 пайызы өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү;
• Тиешелүү лоттун старттык баасынын 0,5 пайызы өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтер;
• Лоттун номерин көрсөтүү менен аукционго катышуу жөнүндө бекитилген формадагы арыз талап кылынат.
Аукционду өткөрүү мөөнөтү:
– Аукцион “Ош шамы” гезитине жарыя чыккан күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн өткөндөн кийин өткөрүлөт.
– Арыздар “Ош шамы” гезитине жарыя чыккан күндөн тартып 29 (жыйырма тогуз) күндүн ичинде кабыл алынат.
Аукционго бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде аукцион өткөрүлө турган күнгө 1 (бир) күн калганга чейин катышуу жөнүндө арыз берген адамдар катыша алышат.
Аукционго катышууну каалаган адамдар өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу ишеним каттын негизинде катышууга укуктуу.
Эскертүү! Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тиешелүү объектти (мүлктү) аукцион өткөрүлө турган күнгө 3 (үч) күн калганга чейин аукциондон алып салууга укуктуу.

Окшош жаңылыктар

899402406_1478326997819526_7206384964155506670_n

Алтын күз — Ош шаарынын өзгөчө ажары! (фото)

images (1)

КОРРУПЦИЯГА — ЖОЛ ЖОК!

default

Жакында дагы бир жаңы сквер пайдаланууга берилет

түйүн

Жол кыймылын жакшыртууга багытталган түйүндүн курулушу уланууда

images

Жашыл Ош: тоонун боору токойго айланат

894747277_1476022284716664_6143012092428820233_n

Ош шаарында тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди