Коррупция — коомдун өнүгүүсүнө тоскоол болгон, мыйзамдуулукка жана адилеттүүлүккө шек келтирген, жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин солгундаткан терс көрүнүш.
Ош шаарынын мэриясы үчүн мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук, ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы күрөш — ишмердүүлүктүн негизги принциптери.
Мамлекеттик кызмат — бул артыкчылык эмес, чоң жоопкерчилик! Бул жеке кызыкчылыкты көздөө эмес, элге ак ниет кызмат кылуу.
Ар бир мамлекеттик кызматкер мыйзамды так сактап, кызматтык ыйгарым укуктарын жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланбоого милдеттүү.
Коррупцияга каршы күрөш — бир гана мамлекеттик органдардын эмес, ар бир жарандын, жалпы коомчулуктун милдети!
Пара бербе! Пара алба! Коррупцияга көз жумба! Биз коррупциясыз коомду, таза башкарууну жана адилеттүү келечекти биргеликте курабыз!
