ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

ОшМУда “Жаштар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө карай” аталышындагы республикалык форум өттү

Ош мамлекеттик университетинде аталган окуу жайдын 85 жылдык маарекесине карата Ош шаарынын мэриясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, аталган окуу жай менен биргеликте “Жаштар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө карай” аталышындагы республикалык форум өткөрүлдү.

Форумга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген студенттер катышты.

Иш-чаранын алкагында «ОшМУ сүрөтчүлөрдүн көзү менен» аттуу сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү жана ОшМУнун жаштарынын жетишкендиктеринин парады уюштурулду.

Форум креативдүү жаштардын идеяларын бириктирүү, ыктыярчылыкка тартуу, жаштарга тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө жана коомдогу зордук-зомбулукка байланыштуу коопсуздук маселелерин талкулоо, киберкоопсуздук боюнча маалымат берүү, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында өттү.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео