ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаарында 7-8-9-10-11-12-июль күндөрү, Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан экинчи ирет “Бий искусствосу-2024” II Эл аралык бийчилер фестивалы өткөрүлөт.
Фестивалга Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Каракалпакстан жана Кыргызстандын эң алдынкы бий топтору катышат. Ошондой эле 60дан ашуун чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.
Иш-чара саат 18:00дө башталып, Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында өтөт.
Иш-чаранын программасы:
8-июль:
Саат 17:00дө бардык катышуучулар өздөрүнүн желектерин жана табличкаларды көтөрүп, Резиденциядан баштап Токтогул эс алуу багына чейин жөө жүрүштөн өтүшөт.
Саат 18:00дө фестивалдын ачылышы болот.
9-июль:
Саат 18:00дө (ХБК) Ак-ниет сейил багында фестивалдын катышуучулары шаар тургундары үчүн өз өнөрлөрүн тартуулашат.
11-июль:
Саат 10:00дө Келечек чыгармачылык борборунда фестиваль катышуучулары тарабынан бий боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Саат 18:00дө Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында “Бий искусствосу-2024” фестивалдын жабылышы болот. Гала-концерт тартууланат. @oshmeriya

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео