ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошко Өзбекстандан гумжардам келди

Бүгүн, 16-июлда Ош шаары жана Ош облусуна Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунан селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам келди.
Гумантирдык жардамды Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахманов алып келип, аны “Достук” чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.
Селден жабыркаган жарандарга келген гуманитардык жардам 13 жүк ташуучу унаа менен жеткирилди. Жалпы 200 тонналык гуманитардык жардам курулуш материалдар, кийим-кечек, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүктөрдөн турат.
Шухратбек Абдурахманов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Жаңы-Маала көчөсүнүн тургундарына барып, суудан жабыркаган 17 үйдү көрүп чыкты.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео