ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында шаарда болгон селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты

Акылбек Жапаров Жаңы-Маала айылындагы Ахмаджан-Ата көчөсүн, борбордук базарды, А.Навои атындагы эс алуу жайды, ошондой эле Кара-Сымак жана Бодур-Таш айылдарын кыдырып, жеринде шаар тургундарооы, базардын соодагерлери менен сүйлөшүп, суроолоруна жооп берди.
Андан соң Ош облусунда жана Ош шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча штабдын жыйынын өткөрдү.
Жыйында аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтар берилди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы облустун жана шаардын инфраструктурасын калыбына келтирүү, ошондой эле турак жайларга, социалдык объектилерге жана инфраструктуралык объектилерге жана ишкерлик жүргүзгөн субъекттерге келтирилген зыяндын эсеби боюнча тиешелүү зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Мындан тышкары, үйлөрүнөн эвакуацияланган жарандарды убактылуу турак жай менен камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
Жумуш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен уюштурулган жаратылыш кырсыктарынан каза болгондорду эскерүү кечесине катышып, куран окуду.
Ош облусунун аймагында селдин кесепеттерин жоюуга – 580 жарандык коргонуу тармагынын өкүлдөрү, ал эми Ош шаарында – 530 адам, аны менен катар 30дан ашык атайын техника тартылган.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео