ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын аймагындагы коомдук-саясий абал боюнча (саат 19:30га карата) маалымат

2024-жылдын 14-июль күнү Ош шаарынын аймагында катуу жааган жаандан сел жүргөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван – Ак-Буура каналына 7 автоунаасын сел агызып кеткен. Төлөйкөн айыл аймагындагы жайкы эс алуучу жайда эс алып жүргөн 4 жаран белгисиз болууда. Озгур айылында селден жарандарды өткөрүш үчүн камазга элди жүктөп жатып, камаз жылып кетип 1 жаранды тебелеп кеткен. Натыйжада 1 жаран жеринде каза болгон. Жалпы 134 үйгө сел кирген, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 машина селден жабыркаган.
Ош шаарынын мэри – Жарандык коргонуунун башчысы Б.Ж. Жетигенов саат 18:00дө Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары менен ыкчам жыйын өткөрүп, селдин кесепеттерин жөнгө салуу боюнча протоколдук тапшырмалар берилди. Ошону менен катар Ош шаарынын аймагына Өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.
Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникалары жана КРнын ӨКМнин Ош шаары бюнча башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык гарнизонунун өздүк курамы ыкчам тартылып, селдин кесепеттерин жөнгө салуу иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жолгонгон жарандарды издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео