ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Т. Турсунбаева көчөсү 18 метрге кеңейтилди

Жумуштар жаңы темир жол өтмөгүнөн (“Зухра” кафесине жакын жерде) И. Раззаков көчөсү менен кесилишине чейин жүргүзүлүүдө. Унаа жүрүүчү жолду, тротуар жана ирригациялык тармактарды кошкондо,18 метрге чейин кеңейтилген.
Жолду кеңейтүүгө тиешелүү коммуналдык жана муниципалдык ишканалар тартылып, өз башыттары боюнча жумуштарды жасап жатышат. Ал эми жергиликтүү тургундар өз алдынча орноткон тосмолорду жана соода түйүндөрүн түшүндүрүү иштеринен соң жылдырып беришкен. Бул жумуштар жалпы узундугу 800 метрди түзгөн аралыкта жүрүп жатат. Учурда суу түтүктөрүн жылдыруу жана жолду асфальттоого даярдоо багытында ар тараптуу иш-аракеттер көрүлүүдө.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аталган жолду оңдоо иштер менен жеринен таанышып чыгып, тийиштүү кызматтарга зарыл болгон бардык жумуштарды сапаттуу жана белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео