ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Билдирүү!

Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун протоколдук тапшырмасын негизинде, Ош шаарынан аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерди тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүлдү.
Комиссиянын курамы:
– З.Б. Юсупов – Ош шаарынын мэринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
– А. Каныбек уулу – Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
– Ы.К. Токоев – Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, комиссиянын катчысы (добуш берүүгө укугу жок).
Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
– К.К. Имарова – Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмүн башчысы;
– У.С. Амалбеков – Ош шаарынын мэриясынын коргоо, коомдук тартипти сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
– О.А. Арзыкулов – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу- кадрдык иштер жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
– А.Дуйшеналы кызы – Ош шаарынын мэриясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;
– Э.Т. Кармышаков – Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы;
– А.А. Пирматов – Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;
– К.С. Шанаев – Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик
агенттигинин Ош филиалынын директорунун орун басары;
– А.А. Абылаев – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы;
– С.Ж. Абдраев – Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгынын башчысы;
– Р. Суракматов – Ош шаары боюнча архитектура-курулуш контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
– Ж.М. Абышев – Ош шаары боюнча ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-
эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы;
– Т. Мамашов – Кыргыз Репсубликасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы (макулдашуу менен);
– Р. Абибиллаев – Ош Башкы суу чарба башкармалыгынынын башчысы.
– Г. Мамасалиева-Ош шаарынын тургуну, жарандык активист (макулдашуу менен);
– Арген Нуров – эркин журналист (макулдашуу менен).
Жумушчу комиссия тарабынан Ош шаарынан аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерди тактоо иштерин жана мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгы тууралуу маалымат даярдалып, сунуш беришет.
Жумушчу комиссияга өз ишин жүргүзүүгө байланышкан маселелер боюнча зарыл учурда тиешелүү эксперттерди, адистерди тартууга укук берилет.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео