ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулуштар, жер тилкелерин тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиясынын жыйыны өттү

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун жетекчилиги астында өткөн жыйында иш-чаралар планы сунушталып, анын негизинде тиешелүү кызматтарга Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан курулуштар боюнча толук маалыматты чогултуу тапшырмасы берилди.
Ошондой эле бардык керектүү документтер чогултулуп, каралып чыккандан кийин биринчи этаптын алкагында эс алуу жайларынан баштап С. Бахапов көчөсүнө чейинки объектилерге мониторинг жүргүзүү иштери пландалганы айтылды.
Белгилей кетсек, Ак-Буура дарыясынын корук аймагында абалды жакшыртуу жана экологиялык ченемдердин сакталуусун камсыздоо максатында түзүлгөн жумушчу комиссиясынын курамына Ош шаарынын мэриясынын, тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана муниципалдык кызматтарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер, журналисттер жана эксперттер кирген.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео