ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда 2024-жылдын 7-августунда Ош шаарында С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтө турган элдик жыйынга катышууга чакырабыз.

Элдик жыйынга катышуу үчүн алдын ала Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтындагы (https://oshcity.gov.kg/ky/) “электрондук кабылдама” бөлүмү аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дарегине жазылган арыз менен 2024-жылдын 7-августуна чейин кайрылсаңыздар болот.

Ош шаарынын мэриясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча кайрылуулар кабыл алынбайт, ошондой эле “электрондук кабылдама” бөлүмү аркылуу кайрылууну жолдогон учурда талап кылынган суроолорго сөзсүз жооп берилиши зарыл.

Элдик жыйын боюнча суроолор төмөндөгү даректер жана байланыш телефондору аркылуу кабыл алынат:

– Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтындагы “электрондук кабылдама” бөлүмү (https://oshcity.gov.kg/ky/elektronduk-kabyldama/);

– Ош шаарынын мэриясынын коомдук кабылдамасынын байланыш телефону (03222) 5 53 84;

– Ош шаарынын мэриясынын Алымбек датка МАБы (жооптуу: Абдубаитова Миргул, тел. 0778 200 536);

– Ош шаарынын мэриясынын Сулайман-Тоо МАБы (жооптуу: Халматова Мухлиса, тел. 0779 809 805);

– Ош шаарынын мэриясынын Керме-Тоо МАБы (жооптуу: Жыргалбек кызы Аида, тел. 0778 147 687);

– Ош шаарынын мэриясынын Манас-Ата МАБы (жооптуу: Кулуева Айкөкүл, тел. 0778 118 839);

– Ош шаарынын мэриясынын Жибек-Жолу МАБы (жооптуу: Сайдинова Рахат, тел. 0771 560 288);

– Ош шаарынын мэриясынын Курманжан датка МАБы (жооптуу: Акбалаев Айбек, тел. 0558 020 205);

– Ош шаарынын мэриясынын Жапалак ААБы (жооптуу: Уларов Кадырбек, тел. 0773 651 818);

– Ош шаарынын мэриясынын Төлөйкөн ААБы (жооптуу: Курманбаева Жанаргүл, тел. 0555 960 104);

– Ош шаарынын мэриясынын Кызыл-Кыштак ААБы (жооптуу: Маматов Аскарбек, тел. 0558 050 084).

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео