ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы жарнамалык такталар санариптештирилет

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен шаардагы жарнамалык такталарды санариптик форматка өткөрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде эски үлгүдөгү жарнамалык такталарды алып салуу жана санариптештирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жарнамалык такталардын ээлерине апрель айында эскертүүлөр берилип, көчө инфраструктурасын иретке келтирүү жана жакшыртуу максатында жаңы санариптик (лайтбоксторду, штенддерди, билборддорду) орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Жалпысынан шаар боюнча 300дөн ашык эски үлгүдөгү Г,Т жана П формасындагы жарнамалык мегаборддор бар.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео