ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

 Кышкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, шаардык коммуналдык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйында жылуулук менен камсыздоочу мекеме-ишканалардын жана энергетика тармагынын өкүлдөрү жылуулук мезгилине карата даярдыктар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТТАРГА ТӨМӨНКҮ ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛДИ:

➦ Кышкы жылытуу мезгилине карата даярдыктарга катышкан бардык мекеме-ишканалар жумуштарды график боюнча иш алып баруу;

➦ Көп кабаттуу турак жайлардын кире беришин жана жер төлөлөрүн кышкы мезгилге даярдыгын көзөмөлдөө, ошондой эле бул боюнча тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

➦ Жеке турак жайдын жашоочулары үчүн ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан көмүр сатуучу жерлерди аныктоо, ошондой эле, административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын курамына кирген аймактардын жашоочуларына канча көмүр керек экендигин тактоо.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео