ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

КМШ өлкөлөрүнөн келген ардагерлер ооганстанда курман болгондорду эскеришти

Бүгүн, 8-августта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында Ооган согушуна 1979-жылы Ош шаарында жайгашкан 860 полктон Памир-Ишкашим аркылуу Ооганстандын Файзабад провинициясына барып, Ооган согушуна катышып келген ардагерлер 45 жылдан кийин жолугушуп, курман болгон жоокерлерди эскеришти.

 

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Оштогу Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Какан Эралиев, Казакстан,  Өзбекстан, Орусия, Германия жана башка КМШ өлкөлөрүнөн келген Псков Кызыл Туу ордендүү 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун 120га жакын ардагерлери, Ош гарнизонунун өкүлдөрү катышты.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө мемориалдык комплекстеги өчпөс отко гүл коюлуп, салют атылып, курман болгон интернационалист жоокерлердин ээлесине дуба окулду.

 

Тарыхта айтылуу өткөөл “ПАМИР МАРШЫ” деп аталып калган.

 

Белгилей кетсек, полк Ош шаарынан 36 күндүн ичинде кышында Памирдин эң татаал 10 бийик тоо ашууларын, анын ичинде СССРдеги эң бийик Ак-Байтап ашуусун (4655 м) басып өткөн.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео